Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Иракта кан төгүү уланууда


Кечээги кол салуулар менен терракттардан кеминде 30дай адамдын өмүрү кыйылды. Өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбил шаарында жанкечти жасаган жардыруудан 12 адам өлүп, 100дөйү жаракат алды. Ал эми Киркук шаарында козголоңчулар менен кагылыштан төрт жоокер каза тапкан. Башкалаа Багдадда миналанган эки автоунаанын жардырылышы менен атышуулардан болсо 9 адам өлүп, 20дайы жаракат алды. Алардын көпчүлүгү ирактык полицейлер. Бул окуялардан соң жардамга америкалык аскерлер менен тик учактар чакырылган. Ирак полициясынын маалыматына караганда, атышуулар учурунда 14 согушкер жок кылынган. Өлкөнүн түндүгүндөгү Тал-Афар шарында жол жээгине коюлган бомбанын жарылуусунан бир америкалык аскер каза тапты.

XS
SM
MD
LG