Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

«Эркиндик» партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жыйыны болду


ОШ. Жыйынга партиянын лидери Топчубек Тургуналиев катышып, президенттик шайлоонун алдындагы өлкөдөгү жалпы саясий кырдаал тууралуу маалымат берди. Тургуналиев 17-июнда Ак үйдү басып алуу аракетин мамлекеттик төңкөрүш катары баалап, ал окуяны “Эркиндик” партиясы контрреволюциялык күчтөрдүн иши катары эсептей тургандыгын билдирди. Жыйындын жүрүшүндө партиянын Ош облустук жана шаардык бөлүмдөрүнүн аткаруу комитеттеринин курамдары аныкталды жана партиянын өнүктүрүү программасы талкууга алынды. Партиянын лидери Топчубек Тургуналиев мамлекеттик бийликти түзүүдө партиялык система киргизилиши керек деген пикирин айтуу менен Кыргызстанда идеялык жактан күчтүү атаандаштыктагы саясий партиялар болушу зарыл деген оюн ортого салды. Партиялык жыйынга чакырылган 600 адамдын 423ү катышты.

XS
SM
MD
LG