Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Өзбек бозгундары БУУнун Баш катчысына экинчи ирет кайрылышты


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда өзбек бозгундары кыргыз-өзбек чек арасында турган кезде чек арачылар менен коопсуздук кызматынын өкүлдөрү эки качкынды Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүүгө аракет кылышканы жана Өзбекстанда кырдаал жакшырды, бозгундарга эч ким тийишпейт деп катуу үндөшкөнү белгиленген. Андан тышкары Сузактагы лагерден 9-июнда алып кетишкен 16 адамдын ичинен 4 кишинин Өзбекстандын коопсуздук кызматтарына өткөрүлгөнүн адилетсиздик деп баалашты. Качкындар Баш катчыдан Кыргызстанга келүүсүн өтүнүшүп, Кофи Аннандын кийлигишүүсү бардык проблемаларды калыс жана демократиялык жол менен чечет деген ишеничин билдиришкен. Улуттук коопсуздук кызматы болсо 4 бозгундун Өзбекстанга берилишине тиешеси жоктугун маалымдады.

XS
SM
MD
LG