Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Талапкерлер милдеттенмеге кол коюшту


БИШКЕК. 21-июнда Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева Жогорку Кеңеш сунуш кылган «Президенттикке талапкердин Кыргызстандын элинин алдындагы милдеттенмеси» деген документке кол коюудан баш тартты. Анын билдирүүсү боюнча, документ мазмун жана формасы боюнча мыйзамсыз жана эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жана ал эски Конституциянын эле Жогорку Кеңештин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан варианты. Ошон үчүн ага кол коюунун зарылдыгы жок,-дейт Токтайым Үмөталиева. Жогорку Кеңеш сунуш кылган документте шайлоодон кийин президент болгон адамды Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык кеңешме даярдаган долбоорду таанып, аны кабыл алууга милдеттендирет. Ал эми 21-июнда президенттикке талапкер Курманбек Бакиев документке кол коерун парламентке кабарлап, анда эгер президент болуп калса расмий түрдө ишке киришкенден кийинки эки айдын ичинде Конституцияны Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алууга сунуштоого милдеттенээрин билдирди. 21-июнда аталган документке президенттикке дагы бир талапкер Акбаралы Айтикеев да кол койду.

XS
SM
MD
LG