Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Башкы прокуратуранын тергөө тобу Москвага кетти


БИШКЕК. 21-июнда экс-президент Аскар Акаев менен экс-премьер-министр Николай Танаевди суракка алуу үчүн бир тергөө тобу Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, тергөө тобу Аскар Акаевди суракка алууга аракет кылат. Эгер ал сурак берүүдөн баш тартса Орусиядагы кыймылсыз мүлктөрүн камакка алуу, банктагы эсептерин жабуу жана азыр ал жерде жашап жаткан мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди суракка алуу өңдүү тергөөнүн башка ыкмалары колдонулат. Башкы прокурордун айтымында, Майрам Акаева Кыргызстанга келип суракка жооп берерин 20-июнда кабарлады, бирок качан келээрин так билдирген жок. Экс-президенттин Туркиядагы кыймылсыз мүлктөрүн иликтөө үчүн 21-июнда дагы бир тергөө тобу Анкарага жөнөп кетти. Аскар Акаевдин иши тергелип бүткөндөн кийин Башкы прокуратура андан кол тийбестик укугун алуу өтүнүчү менен парламентке кайрылат. Ал эми камабай турган болсоңор сурак берем деген Николай Танаевдин шартына Башкы прокуратура азырынча макул болуп жатат.

XS
SM
MD
LG