Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Парламент өкмөттү сынга алды


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш ишке киришкенден бери өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча 20дан ашык токтом жана чечим кабыл алып, аны аткарууга өкмөттү милдеттендирген. Бирок анын көбү аткарылган жок жана ага өкмөттүн чечкиндүү кадамдарга барбай, конструктивдүү иш багытынын жоктугу башкы себеп болду. Парламенттин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жаңы өкмөттүн ишмердигине берген баасы ушундай болду. Комитеттин төрагасы Камбаралы Конгантиевдин билдирүүсү боюнча, ушундай мамиле башаламан топтордун үстөмдүгүнө, жеке менчикти кайра бөлүштүрүүгө жана мурдагы бийликтин мыйзамсыз иштеринин эч бузулбай кайталанышына алып келди. Депутаттар да ушундай ойлорун билдиришип, өкмөт мыйзамсыз көрүнүштөрдүн сырттан байкоочусу гана болуп калды деп сындашты. Талкуу аягына чыкпай парламент бул боюнча чечимди бейшембиде кабыл алмак болду. Ал эми вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов бул «Алга, Кыргызстан» партиясынын көмөгү менен шайланып келген депутаттардын өлкөдө бейстабилдүүлүк түзүп, азыркы өкмөттү таратуу үчүн атайылап жасалып жаткан саясаты деп баа берди.

XS
SM
MD
LG