Бу жолу компартиянын мурдагы лидери Жорж Хавинин машинасына коюлган бомба жарылды. Ушундай эле балааматтан быйыл февралда өлкөнүн мурдагы премьери Рафик Харири мерт болгон эле. Анын уулу Саад Харири жетектеген оппозиция Ливанда жаңы эле аяктаган парламенттик шайлоодо көпчүлүк орундарды жеңип алды. Оппозиция эми 128 мандаттын теңинен көбүн - 72син контролдойт.