БИШКЕК. 22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Урмат Барктабасовдун арызын карап, аны канааттандырган жок. Бул тууралуу анын юристи Кайсын Абакиров ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди. Урмат Барктабасов сотко кайрылган арызында Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-июндагы өзүн талапкер кылып каттабай койгон чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. БШК өкүлү катары сотко катышкан юрист Гүлбара Калиева билдиргендей, Урмат Барктабасовдун Казакстандын жараны экендигин билдирген тиешелүү күбөлүк кат Казакстандын ички иштер министрлигинен келгенден кийин БШК башка өлкөнүн атуулу катары Барктабасовду каттоодон баш тарткан.