Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

17-июндагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен 17-мартта Бишкекте болгон баш аламандыктардын себебин аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Аны Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов жетектей турган болду. Комиссиянын курамына вице-премьер-министр Данияр Үсөнов, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюм коалиция башчысы Эдил Байсалов жана парламенттин айрым депутаттары киришти. Жардыкка ылайык комиссия бешинчи июлга чейин бул окуянын себебин иликтеп, расмий жыйынтык чыгарат.

17-июнда Бишкекте президенттикке талапкер болууну көздөгөн Урамат Барктабасовдун жактоочулары Акүйдү басып алуу аракетин жасашкан.

XS
SM
MD
LG