Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Баш прокурор Айдар Акаевден депутаттык кол тийбестик укугун алып салууну өтүндү


БИШКЕК. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кемин шайлоо окуругунан Жогорку Кеңешке шайланган депутат Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратып, жоопкерчиликке тартуу боюнча Жогорку Кеңештен уруксат сурап кайрылды. Анын айтымында Айдар Акаевге төрт кылмыш иш козголду:

- Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча, тагыраак айтканда, мыйзамсыз табылган акчаларды колдонуу, кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз менчиктештерүү иштерин жасаган, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу беренеси жана мыйзамсыз келишимдерди түзүүгө мажбурлоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Баш мыйзамдын 56-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат деп жазылган. Ошондой эле Азимбек Бекназаров парламент жыйынында депутат Мурат Малабаев учурда Түркияда жүргөндүгүн жана ал жердеги тергөө иштерине тоскоол болуп жаткандыгын айтып, парламенттен Малабаевди тартипке чакырууну өтүндү.

XS
SM
MD
LG