Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Орусиянын адам укуктары боюнча өкмөттүк мекемеси Беларусияны сынга алды


Орусиянын Атуулдук коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин президент Александр Лукашенкого жолдогон ачык катында беларус бийликтери саясий оппоненттердин абакка салынышы жана дайынсыз жоголуусуна байланыштуу сынга алынган. Катта ошондой эле Беларусияда иш жүзүндө эркин басма сөз жок экендиги, мындай жагдай терең тынчызданууларды жаратуу менен катар Беларусиянын Орусия, эл аралык жана европалык коомчулук менен алакасына терс кесепетин тийгизип жатканы айтылган. Батыш беларус президенти Александр Лукашенкону демократияга жол бербеги үчүн узактан бери айыптап келүүдө. Ал эми Орусия менен Беларусия тыгыз алакада экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG