Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

Ирактын премьер-министри бүгүн Вашингтондо АКШнын президенти менен жолугат


Ибрагим ал-Жаафаринин айтымында, ал Америка лидерине жаңы Иракты куруудагы колдоосу үчүн ыразычылык билдирмекчи. Ал-Жаафари Вашингтондо кабарчыларга берген интервьюсунда болжолдогондой, Ирак мурда белгиленгендей эле август айына карата жаңы Конституцияны даярдоого үлгүрүп, күздөгү референдумда эл башмыйзамды кабыл алмакчы. Ал эми өлкө борбору Багдаддагы кечээги бомба чабуулдарынан кеминде 17 адам өлүп, алтымыштан ашууну жаракат алды. Мунун аралыгында, АКШнын коргоо министри Дональд Рамфселд Сенатта сүйлөгөн учурунда Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнүн так мөөнөтүн айтуудан кайрадан баш тартып, анын жүйөөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Эч кимде шек саноо болбошу керек. Эгер коалициянын аскерлери Ирактан анын өз коопсуздук күчтөрү өлкөдө тартипти сактоо боюнча жопкерчиликти алганга жарамдуу болгонго чейин кетсе, бир күнү ал жерде балким мурдагыдан да коркунучтуу режим жаралышы, бүткүл чөлкөм эркиндик эмес, караңгылыкка кабылышы мүмкүн.

Кошмо Штаттардын Перси булуңундагы аскерлерин командачысы, генерал Жон Абизайид болсо Сенатта Иракка алты ай мурда көптөгөн чет элдик согушкерлер киргенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG