Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Суусамыр –Талас автожолу оңдоло баштады


ТАЛАС. Ислам өнүгүү банкы каржылап жаткан бул долбоордун Өтмөк ашуусунан Тайжорго ашуусуна чейинки 52 чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери кызыды. Курулуш иштерин түркиялык “Кая Воглы Эрташ” коому жүргүзүүдө. Иш башталып-башталбай жатып алгачкы нааразычылыктар келип чыкты. Жалаң кара жумушта иштеп жаткан жүзгө жакын кыргыз жаштары күнүнө 50 сомдон 80 сомго чейинки эмгек акыларын түркиялык ишкерлер ар кандай дооматтар менен толук бербей койгондугуна байланыштуу нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Эми алар түрк ишкерлерине мээнеттерин жедирбеш үчүн өз укуктарын коргоочу комитет түзүүгө ниеттенип жатышат. Жергиликтүү калк алардын укуктары тебеленип жатканына бийлик эч жардам бербей, көз жумду мамиле жасап жатканына да нааразы. Георесурстарды көзөмөлдөө жана коргоо кызматы болсо Талдыбулак, Бекмолдо айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жол жээгиндеги бак-дарактарды тийиштүү уруксаты жок кыйгандыгы боюнча да иликтөө иштерин баштады.

XS
SM
MD
LG