Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Жогорку Кеңеш талкууну аяктай элек


БИШКЕК. Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал боюнча талкууну Жогорку Кеңеш 24-июнда да аягына чыгара алган жок. Депутаттар бул күнү сөз сүйлөп бүткөн менен тийиштүү токтом кабыл алууга үлгүргөн жок. Эми дүйшөмбү күнү парламентерийлер токтом долбоорун талкуулоону улантмакчы. Жума күнү депутаттар алдында сөз сүйлөгөн вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов депутаттардын бир катар сынына жооп берип жатып, «Кумтөр», «Реемтсма» менен түзүлгөн келишимдер парламент аркылуу ратификацияланганын жана аларды өкмөт аткарууга мажбур экенин белгилеп, керек болсо парламент аны кайра карап чыгууга укуктуу экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG