Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Каракече көмүр кени мамлекеттики болот


БИШКЕК. Каракече көмүр кени кыргыз элинин байлыгы. Ошондуктан аны иштетүү үчүн Мамлекеттик акционердик коом түзүүнү пландаштырып жатабыз, деп билдирди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 24-июнда парламентте. Анын айтымында, Каракече көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалга ошол жерде иштеген «Беш сары» өңдүү фирмалардын салымы бар. Өкмөт ошол маселелерди чечүүгө киришүүдө деди Данияр Үсөнов:

- Мен урматуу депутат Жолдошбаевге айтаар элем, Каракечеде бүгүнкү кырдаалды азыркы өкмөт түзгөн жок. Анын ушундай абалга келишине сиздин салымыңыз бар. Бирок ошол проблеманы биз азыр чечүүгө мажбур болуп жатабыз. Ошонуктан каршылашпай, биргелешип ошол маселени чечпейлиби? Акаевдин тушунда сиз көп нерсе жасагансыз. Эми ошону бирге оңдойлу.

Каракече көмүр кенин 6-июндан бери «Жоомарт» элдик кыймылы ээлеп турат.

XS
SM
MD
LG