БИШКЕК. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директорлугуна музыка изилдөөчү Тимур Саламатов дайындалды. Бул тууралуу өкмөт алдындагы маданиятты өнүктүрүү комиссиясынан 25-июнда “Азаттыкка” билдиришти. Аталган театрды 2003-жылдан бери чыгыш күрөшү боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Эсен Исмаилов жетектеп келген. Ал өткөн жылы “Опера жана балет театрынын өнүгүшүнө салым кошкондугу” үчүн сыйлыкка татыган.