Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

“Бирге” жаштар кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандагы “Бирге” жаштар кыймылы эл аралык бейөкмөт уюмдарга жана Европа Биримдигинин эл аралык демократиялык коомчулугуна билдирүү жолдоду. Анда Өзбекстандын Анжиан шаарында тынч митингдин катышуучуларына өзбек бийлиги тарабынан ок атылып, бейкүнөө жүздөгөн адамдардын набыт болгондугуна 22-июнда 40 күн толгондугу айтылат. Ошондой эле Европа Биримдигинин эл аралык демократиялык коомчулугуна көз карандысыз комиссия түзүү, Анжиан окуясын тыкат иликтөө сунушталган. Өзбекстанда бийлик тарабынан адам укуктарынын тебелениши, Анжиандагы окуядан кийин массалык репрециянын толкуну башталганы белгиленген. Европа Биримдигине, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюумуна мүчө мамлекеттерди Өзбекстан менен кызматташууну ырасмий токтотуу маселесин сунушташкан. Билдирүүдө Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун авторитардык бийлиги сынга алынган.

XS
SM
MD
LG