Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Президенттикке талапкер Жогорку сотко кайрылды


БИШКЕК. Президенттикке талапкерлигин койгон Аманбай Сатыбаев Жогорку сотко арыз менен кайрылды. Арыз ээси Жогорку соттон Борбордук шайлоо комиссиясын аны президенттикке талапкер катары каттоону милдеттендирүүнү өтүнгөн. Аманбай Сатыбаев шайлоочулардын 50 миң колун топтоо талабын аткара албагандыгынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттикке талапкер катары катталган эмес. Сатыбаевдин пикиринде, Борбордук шайлоо комиссиясы кол топтоо ишин өз учурунда баштоого ага тоскоолдук кылып, анын ишенимдүү өкүлдөрүнө күбөлүктөрүн бир жума кеч тапшырган. Буга чейин ушундай эле арызы менен Аманбай Сатыбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок райондук сот анын арызын канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG