Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча талкуу улантылат


БИШКЕК. 27-июнда Жогорку Кеңеште өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал боюнча талкуу улантылат. 24-марттан кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу багытында өкмөттүн аткарган иши боюнча парламент тийиштүү токтом кабыл алууга тийиш. Маселе парламентте 24-июнда талкууланган учурда бир катар депутаттар ыңлаптан кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча жасалган өкмөттүн аракеттерин сынга алышкан. Айрым депутаттар өкмөттүн кадр саясатына карата сын пикирлерин айтып, башкы кемчиликтер катары өлкөдө мыйзамдарды аткарууга, менчикти кайра бөлүштурүү боюнча мыйзамсыз аракеттерге көзөмөлдүн жетишсиздигин жана башкаларды белгилешкен.

XS
SM
MD
LG