Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Иракта козголоңду басуу үчүн он эки жыл керек болот


Бул тууралуу америкалык телеканалдардын бирине берген интервьюсунда Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд билдирди. Ал ошондой эле Пентагондун козголоңчул айрым топтор менен байланышы бар экенин да ырастады. Иракта эле эмес, Ооганстанда да көптөн бери эле козголоңчулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы чын, деп айтты ал. Пентагондун мындай аракеттери тууралуу британ гезиттери кабарлашкан эле. Лондондук журналисттердин айтымында, АКШ Иракта жергиликтүү козголоңчулар менен чет элдик жалданма лашкерлердин ортосуна жик салгысы келет.

XS
SM
MD
LG