Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

17-июнь окуясы териштирилүүдө


БИШКЕК. 17-июндагы окуяны териштирүүгө байланыштуу түзүлгөн комиссия дүйшөмбү күнү алгачкы жыйынына чогулуп, күч структураларынын маалыматын укту. Анда белгиленгенге караганда, учурда эки киши убактылуу камакта отурат, алты киши чет өлкөгө чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Алардын бири – экс-спикер Мукар Чолпонбаевге Жогорку Кеңеш кепилдик берген. Комиссия мүчөсү, «Демократия жана Жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун билдиргенине караганда, комиссия окуяга баасын берүүнү сурап, элге кайрылмай болду. Мындан тышкары комиссия «Мекеним-Кыргызстан» саясий кыймылынын башчысы Урмат Барыктабасовго тиешелүү документтерди тыкыр иликтөөгө киришти. 17-июнда өкмөт үйүн ээлеп алуу аракеттери жасалып, милиция чогулгандарды газ чачып, таркаткан. Кийинчерээк расмий бийлик бул окуяны төңкөрүш жасоо аракети катары баалаган.

XS
SM
MD
LG