Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Камел Моржан кыргыз өкмөтүнүн убадасын алганын билдирди


БИШКЕК. 27-июнда Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында БУУнун Качкындар боюнча комиссарынын орун басары Камел Моржан кыргыз өкмөтүнө ишенимин билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Анжиян окуясында баш калка сурап келген качкындарды Өзбекстанга кайтарып бербей тургандыгын билдирди. Кыргызстанга жекшемби күнү келген Камел Моржан Жалалабад облусундагы качкындар лагеринде болду. Ал эми Бишкекте президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушту. Качкындарга байланыштуу Кыргызстан кыйын кырдаалга тушугуп жатканын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева кийинчерээк маалымат жыйынында билдирди. Мындан мурда төрт адамды Өзбекстанга өткөрүп берүү фактысы боюнча эл аралык куюмдар Кыргызстанды кескин сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG