Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

БУУКЕР ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫ АЛБАНИЯЛЫК ЖАЗУУЧУГА ЫЙГАРЫЛДЫ


Алгачкы Буукер эл аралык сыйлыгы албаниялык жазуучу жана акын Исмаил Кадареге ыйгарылды. Салттуу Буукер сыйлыгы англис тилинде жазган сүрөткерлерге тапшырылат. Быйылтан баштап анын эларалык варианты да пайда болду. “Азаттыктын” кабарчысы Илирьяна Бажо сыйлыкты тапшыруу аземинин алдында жазуучу менен маектешкен эле.

“Исмаил Кадаре бүтүндөй маданияттын картасын – анын тарыхын, фольклорун, жан дүйнөсүн, саясатын, кайгылуу окуяларын сүрөттөй алган жазуучу. Ал көп тараптуу, Гомерден башат алган баяндоо салттарын уланткан жазуучу”, - деди Буукер сыйлыгын ыйгаруу комитетинин жетекчиси, белгилүү британиялык сынчы Жон Кэри.

69 жаштагы Исмаил Кадаре Албаниянын Гирокастра деген шаарында туулуп өскөн. Баш калаа Тирана, андан кийин Москвада билим алган жазуучуну албаниялыктардын бир нече мууну эркиндиктин жана маданияттын күчүнүн символу катары эсептейт.

- Исмаил мырза, коммунисттик Албанияда жазуучу болуу оңой беле?

- Башка коммунисттик өлкөлөрдөй эле Албанияда да адабияттын эки түрү бар болчу. Бирөө - чыныгы адабият, дүйнөлүк деңгээлдеги адабият. Экинчиси болсо “социалисттик реализм” деп аталчу. Иш жүзүндө ал - коммунисттик режимдин кызыкчылыгына жооп берген үгүт эле. Чыныгы баалуулуктарды чагылдырган чыгармалар, тескерисинче, режимге жакчу эмес. Сталиндик Албанияда чыныгы адабиятты жаратуу жат көрүнүш болчу жана жазаланып келген. Бийлик жазуучу качан ката кетирет деп, аны аңдып туруп, анан жазалачу.

- Сиздин чыгармаларыңыз Египеттин пирамидалары менен грек драматургу Эхилл жөнүндө баяндайт, Осмон Империсы менен Экинчи Дүйнөлүк согуштан баштап коммунисттик доорго чейинки окуяларды чагылдырат. Жазуучунун көз карашынан алып караганда, тарых деген эмне?

- Мен тарыхый адабият деген аталышка макул эмесмин. Менимче, бул термин адабиятты жакшы түшүнбөгөн сынчылар же студенттер менен мектеп окуучулар үчүн ойлоп табылган. Тарых – бул адамдын турмушунун бир бөлүгү. Адамдын турмушу өз кезегинде адабияттын булагы болот. Демек ошол чыгармалар тарыхый окуяларды да камтыйт. Тек гана айырмасы - адабий чыгармаларда тарыхый окуялар жөнөкөй окуялар болуп көрсөтүлөт. Окуя бир кылым илгери же эки күн мурун болгонбу – айырмасы жок, баары бир ал – тарыхка айланат. Тарыхый адабият деген термин мен үчүн жок. Адабият – бул баяндоо чеберчилиги. Мен адабият үчүн тарых бул - күнүмдүк турмуш деп ойлойм.

- Сиз чыгармачылыгыңыз, улутуңуз үчүн да көп жапа чектиңиз.

- Осмон баскынчылыгынан бирдей жабыркаган Балкан элдери бир кездери бирдиктүү болчу. Баскынчылык аяктагандан кийин алар бири-бирине зордук зомбулук, мыкаачылык менен мамиле кыла башташкан. Патриотизм же атуулдук деген жакшы сезим бурмаланып, аша кетип улутчулдукка айланган. Анын айынан Балкан элдери бири-бирине кас тигип, душман болуп калышкан. Биз андан арылышыбыз керек.

- Азыркы тапта Балкан улуттарынын өз ара мамилеси кандай деп ойлойсуз?

- Балкан элдери Европалык интеграциядан көптү күтүшөт. Бул үмүт ыркы кеткен калкты бириктириши ыктымал. Башка альтернатива жок деп эсептейм. Тилекке ылайык, Евроинтеграцияны Балкан өлкөлөрү олуттуу кабыл алышууда. Бул процессти ийгиликтүү жүргүзүү – Европа биримдигинин колунда. Балкан мамлекеттери Европа үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болушу керек. Биз андан эки жолу кайгылуу жагдайда бөлүнүп калганбыз.

Эл аралык Буукер сыйылыгына быйыл Нобел сыйлыгынын лауреаты, германиялык Гюнтер Грасс, америкалык жазуучу Жон Апдайк, Францияда жашап жүргөн чехиялык Милан Кундера, польшалык Станислав Лем жана башка бир катар белгилүү жазуучулар көргөзүлгөн.
XS
SM
MD
LG