ОШ. «Элдик милиция чындыкпы же жомокпу» деген аталышта өткөн жыйынга милиция кызматкерлери, жарандык коомдун жана жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө тартип коргоо органдарынын элдик ыңкылапка чейинки жана андан кийинки абалы талданды. Саясий жана социалдык талаптар менен чыгышкан атуулдардын тынч, куралсыз чогулуусуна митинг, пикеттерди өткөрүү чараларына карата милициянын мындан ары карай мамилеси боюнча бир катар маселелер талкууга алынды. Тегерек үстөл жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын беделин көтөрүүнүн жолдору боюнча сунуштар иштелип чыгып, тартип коргоо кызматкерлеринин мыйзамдын чегинде таза эмгектенүүсүнүн шарттары боюнча чет өлкөлүк тажрыйбалардын ылайыктуулугу талкууга коюлду. Аталган иш чара «Эл аралык толерантуулук үчүн» коомдук корунун демилгеси менен уюштурулду.