Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Х.Солананын өкүлү менен бейөкмөт уюмдар өкүлдөрү жолугушту


БИШКЕК. Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Хавьер Соланынын жеке өкүлү Михаэл Матисен 28-июнда Бишкекте өлкөнүн өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Жалалабад облусундагы өзбек качкындарынын тагдыры талкууланып, аларды Ташкенттин талабы менен өткөрүп бербөө маселесине басым жасалды. Европа комиссарынын өкүлү качкындар маселеси боюнча Хавьер Солана, Кондолиза Райс Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөр өткөрөөрүн, эгерде Өзбекстан Анжиян окуясын көз карандысыз иликтөөгө жол бербесе июлдан тарта Европа Биримдиги ар кандай санкцияларды киргизүүгө даярдыгын, маселе Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралышы ыктымалдыгын билдирген. Бул тууралуу жолугушууга катышкан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов билдирди.

XS
SM
MD
LG