Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Акаевдин мүлкү деп айыпталган ишканалар азаттыкка чыкты


БИШКЕК. Акаев жана анын жакындарына таандыгы бар деп шектелген юридикалык тараптардын ишмердүүлүгүнө киргизилген чектөөлөр 1-июлдан тарта толук алынып салынат. Ага негиз берген жардыкка президенттин милдетин аткаруучу кол койду. 24-марттагы ыңкылаптан кийин Акаевдин жакындарына таандыгы бар деп шектелген ишкана-мекемелердин саны 42 болгон. Бирок Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жүрүшүндө андай ишканалардын саны 177 жеткен. Жардыкка ылайык кылмыш иш козголбогон ишканалардан гана ар кандай чектөөлөр алынмакчы.

XS
SM
MD
LG