Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Кыргыз паспорту жок депутаттар АКШга барбай калышты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жана дагы 3 депутат Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын Американын Вашингтон шаарында өтө турган жыйынына барбай калды. Буга депутаттардын Кыргызстандын 2004-жылдагы жаңы паспортунун жоктугу себеп болду.

ЕККУга мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин жыйынына жаңы үлгүдөгү паспорт алууга үлгүргөн жалгыз депутат Мелис Эшимканов барып, Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал тууралуу маалымат берет:

- Мен 24-марттагы ыңкылап, бир кишинин диктатурасы эмнеге алып келип, эл ыңкылапты жасагандыгы жөнүндө маалымат берем. Андан тышкары бийликке кимдер келип, Кыргызстанда азыр кандай проблемалар болуп жаткандыгы, өлкө мындан ары кандай өнүгүп, адам укугун коргоого, демократия менен сөз эркиндигине кандай шарт түзүлөөрү жана президенттик шайлоо кандай өтүп жатат деген маселелер боюнча мүмкүн болушунча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп сүйлөйм.

АКШ Кыргызстандын 1994-жылкы паспорту бар атуулдарын өз аймагына киргизбей тургандыгын ушул жыл башында жарыя кылган. Ал эми ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны 30-июндан 5-июлга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG