Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Парламент «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзам кабыл алды


БИШКЕК. 28-июнда Жогорку Кеңеш Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына карата «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзам кабыл алды. Ал депутат Алишер Сабиров жана Кадыржон Батиров тарабынан даярдалган. Мыйзамга ылайык абакта олтурган 9 миң 972 адамдын жаза мөөнөтү каралып чыгат. 1 миң 124 адам абактан биротоло бошотулуп, жеңил жана анча оор эмес кылмыш жасаган 8 миң 800 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат. Мунапыс Улуу Ата Мекендик согушка, Ооганстандагы, Баткендеги, Чернобылдагы алааматка катышкан адамдар менен алардын жесирлерине берилет. Андан тышкары жашы 55тен өткөн аялдарга, 60тан ашкан эркектерге, биринчи, экинчи топтогу майыптар менен онкологиялык оорулуу адамдарга, жашы жете элек жана 5 жылдык жаза өтөөгө кесилген өспүрүмдөргө берилет. Ошондой эле жаза өтөө мөөнөтүнүн бир гана жылы калгандар эркиндикке чыгышат.

XS
SM
MD
LG