Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

У.Барктабасов Кыргыз өкмөтүн кинеледи


БИШКЕК. 28-июнда Кыргызстандын президенттигине талапкер болууга умтулган Урмат Барктабасов Казакстандагы «Литер» деген гезитке интервью берип, анда «17-июнда өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө каршы болчумун, бирок «Мекеним- Кыргызстан» кыймылынын өкүлдөрү өткөрүү керек деп туруп алышты. Чынын айтсам, анын аягы чагым менен бүтөөрүн билгем» деп билдирди. Андан тышкары чагымды уюштуруучулардын башында президенттин милдетин аткаруучу К.Бакиев менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев турат деп жарыя кылды. Анын айтымында, Бишкекке ар кайсы жерден адамдарды чогултуп келген, бирок алар өз акчасы менен келишкен. Азыр «Мекеним-Кыргызстан» кыймылы жашыруун түрдө иштеп жаткандыгын, жакын арада «Мекен» аттуу гезитин кайра чыгара тургандыгын жана өзүнүн Кыргызстандын атуулу экендигин, Казакстанда иштөө үчүн жарандыкты эмес, туруктуу жашоого уруксаат алгандыгын белгиледи. «Мекеним-Кыргызстан» кыймылын болсо бийликти алуу үчүн эмес, карапайым элдин жашоосун жакшыртуу үчүн түзгөндүгүн кошумчалады. Ал эми Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Авазбек Атаханов Урмат Барктабасовдун мындай билдирүүсүн 17-июндагы контрреволюциялык аракеттин уландысы жана президенттик шайлоого тоскоолдук кылып, өлкөдө курч кырдаал түзүү аракети деп баалады. Анын айтымында, өлкө атуулдары мындай маалымат чабуулуна көңүл бурбай, президенттик шайлоодо өз баасын берет. Башкы прокуратура Барктабасовго бийликти алууга аракет кылды деген айып коюп, Улуттук коопсуздук кызматы баштаган тартип коргоо органдары камоого издөө салган.

XS
SM
MD
LG