Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Азербайжанда элдик толкундоо болбойт


Азербайжанда Грузия, Украина же Кыргызстандагыдай толкундоолор эч болбойт. Бул жөнүндө азери президенти Ильхам Алиев бүгүн СНН- Түрк телеканалы обого чыгарган интервьсунда айтты. Аталган телеканалдын кабарчылары Ильхам Алиевге түрк премьер-министри Режеп Эрдогандын Бакудагы шаршемби күнкү визитин утурлай кайрылган. Азери президенти Грузия, Украина, Кыргызстандагы ыңкылаптардын себебин, өзү белгилегендей, эл менен өкмөттүн ортосунда ишенимдин жокутугунан көрөт. Быйыл ноябрда Азербайжанда парламенттик шайлоо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG