Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

Ливанда парламент төрагасы кайрадан шайланды

Ливандын жаңы парламенти бүгүн сириячыл саясатчы Набих Беррини кайрадан өз төрагалыгына шайлады. Шийиттердин "Хезболла" уюму менен алакасы бар "Амал" партиясынын лидери Берри бул кызматта 1992-жылдан бери иштейт. "Амал" жана "Хезболла" партиялары Ливандын 128 орунду парламентинде азыр 35 добушка ээ. Төрт баскычтан өткөрүлгөн шайлоо Ливанда 19-июнда аяктаган жана бул коңшу Сирия дээрлик 30 жылдан соң быйыл апрелде Ливандан аскерлерин алып кеткенден кийинки алгачкы шайлоо болду.
​
XS
SM
MD
LG