Женевада Каспийдеги кендерге байланыштуу ООН уюштурган жыйында сөз сүйлөп, Казакстандын энергетика министри Владимир Школник алдыдагы он жылда эски континентке 130 миллион тонна казак мунайы сатыкка чыгарылат деп билдирди. Президент Нурсултан Назарбаев өткөн айда Баку-Жейхан мунай куурунун ачылышында Казакстан дүйнөлүк рынокко чыгарыла турган мунайдын көлөмүн азыркыдан алда канча көбөйтө турганын айткан эле.