Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Жети аял Нобел сыйлыгына көрсөтүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандык жети аял Нобел эл аралык сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу “АКИ-пресс” агенттигинде “Үмүт” эл аралык уюмунун жетекчиси Карла Мария Шелике билдирди. Нобел сыйлыгына Майып аялдар ассоциациясынын президенти Асипа Мусаева, “Инсан- Лейлек” корунун башчысы Гүлнара Дербишева, Үмүт- Надежда балдар борборунун башчысы Карла Мария Шелике, Төлөйкан Исмаилова, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси- Бүбүсара Рыскулова, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун лидери Рая Кадырова көрсөтүлүүдө. Бул айымдар “Тынчтык үчүн миң аял” дүйнөлүк акциясынын чегинде өлкөдө тынчтыкты орнотууга, адам укуктарынын сакталышына салым кошкондугу үчүн бул абройлуу эл аралык сыйлыкка көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG