Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Рысбек Акматбаев Башкы прокуратурга өз каалосу менен келди


БИШКЕК. Тартип коргоо кызматы тарабынан издөө салынган Рысбек Акматбаев өз каалоосу менен Башкы прокуратурага бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Акматбаевдин коштоосунда келди. Мындай маалыматты 29-июнда “Кабар” агенттиги тартты. Маалыматка караганда, “кылмышка шектүү делип кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн, бирок өздөрүн кылмышка тиешебиз жок деп эсептеген атуулдар өз ыктыяры менен прокуратурага келип, иликтөө иштерине көмөк көрсөтүшсө, алар куугунтуктоого алынбайт”,-деген өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун чакырыгы боюнча Рысбек Акматбаев өз каалоосу менен келген биринчи атуул.

Рысбек Акматбаев бир нече жыл мурда бир катар кылмыш иштерине катыштыгы бар деген шек менен айып тагылып, тартип коргоо кызматы тарабынан издөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG