Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Чет элдик компания кыргыз өкмөтүн сотко бермекчи


БИШКЕК. Кыргызстан атуулдары үчүн паспортторду басууда тендерди 2004- жылы жеңип алган Молдованын “Registru” компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берээрин билдирди. Аталган компаниянын өкүлү Василий Киртока билдиргенге караганда, 2004- жылкы үлгүдөгү 20 миңге чукул паспорт чыгарылган менен кыргыз өкмөтү бир да тыйын төлөгөн жок. “Registru” компаниясы кыргыз тарап контракттын бир нече шартын бузуу менен ишти алдыга жылдыруу багытындагы бир да сунуш айткан жок деп эсептейт. Василий Киртоканын айтымында, Башкы прокуратура компаниянын кеңсесине койгон чектөөлөрүн алып салбаса жана паспортторду басуу боюнча контракт кайрадан иштей баштабаса Лондон арбитраждык сотуна көп миллиондук доо арыз менен кайрылышат. Кыргыз өкмөтүнүн юридикалык бөлүмүнүн өкүлү Нурлан Исаев чет өлкөлүк компания сотко бере турган болсо кыргыз тарап да каршы доо арыз менен сотко кайрылаарын билдирди. Маалымат ресурстары жана технологиялары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Зурат Худайбердиевдин пикиринде, бул компания пайда көрүү кызыкчылыгын көздөп жатат жана өкмөттүн буйругу менен токтотулган келишимге кайтууга негиз жок.

XS
SM
MD
LG