БИШКЕК. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Анжияндагы тополоңду уюштургандардын бири Кабул Парпиев Кыргызстанда жашынып жүрөт деген пикирде. Ал бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада 28- июнда болгон жолугушууда айтканын орус басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Ислам Каримовдун айтымында, Өзбекстандын атайын кызматтары тополоң учурунда сүйлөшүүлөрдү Анжияндагы козголоңчулардын лидери катары ушул адам менен жүргүзүшкөн. Кыргызстандын коопсуздук кызматынын катчысы Мирослав Ниязов “Азаттык” радиосуна Ислам Каримов айткан маалыматты тактоо тууралуу тиешелүү органдарга тапшырма бергендигин билдирди. Ал эми Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Таалай Кыдыров бул жөнүндө так маалымат жоктугун, аны териштирүүгө убакыт керектигин айтты. Орусиялык “Фергана” агенттиги жазганга караганда Анжиян козголоңчуларынын лидери Кабул Парпиев учурда Өзбекстандын аймагында эмес. Ал аталган агенттикке телефон аркылуу интервью берип, Анжиян козголоңчуларынын бир да экстремисстик жана террористтик уюмдарга тиешеси жок деп билдирген. Кыргызстанда учурда 400дөн ашык өзбекстандык бозгун бар. Алардын 29у Ош облустук тергөө абагында кармалууда.