Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

М. Иманалиев: “ Жорж Буш аскерлерин чыгарып кете албайт”


БИШКЕК. АКШ президенти Жорж Буш америкалык куралдуу күчтөрдүн Ирактан качан чыгарылып кетээрин айтуудан баш тартты. Түндүк Каролина штатындагы “Форт Брэгг” аскердик базасында сөз сүйлөп жатып, АКШ президенти 135 миң америкалык аскердин Ирактан чыгарылуу мөөнөтүн айтуу чоң ката болмок деп билдирди. Жергиликтүү байкоочулардын баамында, Иракта учурда кырдаал курч бойдон. Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев америкалык куралдуу күчтөрдү Жорж Буш жакынкы жылдарда чыгарып кете албайт, тескерисинче Иракка кошумча күч киргизилиши ыктымал деп билдирди. Бирок америкалык президент жалаң аскерий күчтөргө таянбай, суний, шийилер өңдүү Ирактагы диний коомчулукка кол сунганы оң дейт, экс- министр.

XS
SM
MD
LG