Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

БШК шайлоого даяр


БИШКЕК. Президенттик шайлоого даярдыктар жакшы деп билдирди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Анын айтымында, 2 миллион 691 миң шайлоочуга жеткидей бюллетендер басылып даяр турат жана бүгүндөн баштап түштүк региондорго жөнөтүлө баштады. 10-июлдагы шайлоого ЕККУ, ШКУ өңдүү уюмдардан жана КМШдан келген 1000ге чукул байкоочу көз салат. Туйгунаалы Абдраимов билдиргенге караганда, шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлерден 8 арыз түшүп, териштирилди. Ал эми катталбай калган талапкерлер Урмат Барыктабасовдун, Гайша Ибрагимованын жана Аманбай Сатыбаевдин арызы Жогорку сотто жакынкы күндөрү каралаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG