Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кечээ күнү Брюссел шаарында өткөн семинарда чыгып сүйлөп, Европа Биримдиги Түркияны өзүнө мүчө кылып кабыл алганда гана ал - христиан өлкөлөрүнүн гана клубу эмес экенин далилдейт деп билдирди. Көптөгөн жылга уланган талкуудан кийин, Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча расми сүйлөшүүлөрдү үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында баштоо тууралуу макулдашылган. Бирок жакында Франция менен Нидерландда өткөн референдумдар учурунда Түркиянын уюмга кошулушуна каршы пикирлер айтылды.