Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Гуантанамо базасындагы камактан бошогон татар жигит америкалыктарды сотко берүүдө


Татарстандын борбору Казан шаарына келген АКШнын Орусиядагы элчиси Александр Вершбоу бүгүн билдирүү жасап, Куба аралындагы Гуантанамо базасында ыйык Куран мазакталган деп айткан татар жигиттин сөздөрүнөн ал күмөн санаганын билдирди. Айрат Вахитов деген жигиттин айтымында, ал Тажикстанга барганда, аны белгисиз бирөөлөр барымтага алып, Ооганстанга алып кетип, америкалык аскерлерге террорчу деп беш миң долларга сатып жиберген. Эки жыл Гуантанамодо кармалгандан кийин, ал былтыр бошотулган жана азыр Татарстанда жашайт. Америкалык аскерлерди ал азыр сотко берди жана арызында - базада Куран мазкталганы жөнүндө уккандыгы тууралуу жазат.

XS
SM
MD
LG