Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

АКШ президентинин пикиринде, америкалык аскерлер Иракта бекер курман болгон жок


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Форт Брэгг деген аскерий базада уюштурулган жыйында чыгып сүйлөп, Ирактагы согушта сөзсүз жеңиш керек жана анда курман болгон аскерлер бекер өлгөн эмес деп билдирди:

- Ирактагы иш татаал жана коркунучтуу. Башка америкалыктар сыяктуу эле, мен дагы кандуу окуялар болуп жатканын көрүп турам, ар бир андай окуядан реалдуу адамдар жапа чегүүдө, кээ бир америкалыктар - андай өлүмгө аскерлерди жибериш керек беле деген суроо салууда. Керек, биздин өз өлкөбүздүн келечек коопсуздугу үчүн керек, алар бекер өлгөн жок.

Америкалык президенттин айтымында, эркин коом куруу ишинде Америка Ирак элине бардык жардамын көрсөтөт жана аны менен бүткүл Жакынкы Чыгышта эркиндик орношуна шарт түзүлөт.

XS
SM
MD
LG