Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Орус коргоо министринин айтымында, Анжиян окуялары сырттан даярдалган


Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов бүгүн Маскөө шаарында өзбек президенти Ислам Каримов менен жолуккандан кийин, Анжиян окуялары сырттан уюштурулган деп билдирди:

- Бул окуялар кантип даярдалганын биз билгенбиз, кеминде ал пландын айрым бөлүктөрү тууралуу маалыматыбыз бар болчу. Алар сырттан даярдалган деген далилдер бар. Ошондуктан биз табылган маалыматтардын негизинде эмне болгону тууралуу объективдүү пикир түзө алабыз, окуяларды бир жактуу баалоо - ал саясий нерсе.

Өзбек бийлигинин айтымында, 13-май күнү Анжиянда 176 адам курман болгон жана алардын көпчүлүгү - террорчулар. Укук коргоочулардын айтымында, беш жүздөн ашык киши өлгөн, алардын көпчүлүгү карапайым адамдар болгон жана окуяны эл аралык деңгээлде тергеш керек.

XS
SM
MD
LG