Ооганстандагы америкалык аскерий жетекчилик бүгүн тараткан маалыматка караганда, Кунар провинциясында кечээ күнү кыйраган америкалык тик учма атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн. Анын ичинде 17 аскер бар болчу. Талибан кыймылынын басма сөз катчысымын деген Латиф Хакиминин айтымында, тик учманы талибдер атып түшүрдү. Мындан үч ай мурда Ооганстанда дагы бир америкалык тик учма кыйраган.