БИШКЕК. Жогорку сот президенттикке талапкер болууну каалган Урмат Барктабасовдун апелляциялык арызын 30-июнда карап, Биринчимай райондук соттун 22-июндагы чечимин күчүндө калтырды. Эске сала кетүүчү нерсе Биринчимай райондук соту Урмат Барактабасов Казакстандын атуулу деген чечим кабыл алган. Ал эми Урмат Барктабасовдун адвокаты Кайсын Абакиров ушул эле күнү «Азаттыкка» Жогорку соттун чечимине макул эместигин жана келечекте Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын маалымдады.