Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Масалиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы берилди


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев маркум Абсамат Масалиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү жөнүндө жардыкка кол койду. Жардыкта, наам Масалиевге Кыргыз мамлекетине жана элине жекече сиңирген эмгеги, Мекенге ак ниет кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөндүгү жана коомдук иштеги жогорку атуулдук позициясы үчүн берилди деп жазылган. Баатырдык наам менен бирге «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылмакчы. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Абсамат Масалиевге баатыр наамын берүү демилгесин өткөн айда Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп, президенттин милдетин аткаруучуга сунуштаган эле.

XS
SM
MD
LG