БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев 1-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылуу менен чыгып, анда 2002-жылы Аксы окуясында курман болгон атуулдарга мамлекеттик сыйлык берүүнү сунуштады. Акаевдин режими тынчтык максаттагы демонстранттарга ок атып, андан беш атуул каза болду. Ага чейин Шералы Назаркулов саясий ачкачылыктан көз жумган. Булар Кыргызстанда демократия жана эркиндик орношу үчүн өз өмүрүн кыйышкан, деп айтылган Дырылдаевдин кайрылуусунда.