Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Мадумаров добуш берүүгө катышат


БИШКЕК. №39-Куршаб шайлоо округунун № 58, 59, 62-шайлоо участокторунда кайталап добуш берүүгө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров катышат. Мындай маалымат депутаттан жума күнү алынды. Мадумаров Жогорку сот акыйкат эмес чечим чыгарды деп эсептейт, ошондуктан, мамлекеттик кызматты токтото туруп, добуш берүүгө катышат. Бирок саясатчы жеңишке жетишкен шартта ал депутаттык менен өкмөттүк кызматтын кайсынысын тандаарын ачыктаган жок. Белгилеп койчу жагы, аталган үч участок боюнча талаш-тартышты БШК өз алдынча иликтеп, маселени 8-апрелде Мадумаровдун кызыкчылыгына чечкен жана депутаттык мандатты колуна берген. Бирок анын атаандашы Мамат Орозбаевдин доо арызынын негизинде 1-май райондук соту үч участокто кайталап добуш берүү зарыл деп тапкан. Бул чечимди 28-июнда Жогорку сот да колдоду. Бирок мындай чечимди БШК колуна ала элек. Борборшайлоокомдун юристи Гүлбара Калиеванын айтымында, Жогорку соттун чечимин комиссия өзүнө алган соң, эки жумадан кийин добуш берүү ишке ашат.

XS
SM
MD
LG