Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын президенти Ху Цзинтао менен жолугушту


Алар 21-кылымдын эл аралык тартиби тууралуу декларацияга кол коюшту. Декларацияда эл аралык маселелерди чечүүдө бир да мамлекет үстөмдүк кылбоого тийиштиги тууралуу баса белгиленген. Жолугушууда мындан тышкары экономикалык кызматташуу тууралуу да сөз болду. Орусия президентинин сөзү боюнча транспорт, металлургия жана космосту изилдөө боюнча биргелешкен долбоорлор иштелип жатат. Президент Путин Ху Цзинтаонун келерки жылы Кытайга келип кетүүсүн өтүнгөн өтүнүчүн кабыл алгандыгын билдирди. Ху Цзинтао Орусияга төрт күндүк иш сапары менен келген.

XS
SM
MD
LG