БИШКЕК. 5-6-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезектеги жыйыны болот. Ага Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана өлкөнүн күч структурларынын жетекчилеринин да катышуусу күтүлүүдө. Жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы экономикалык алакаларды жакшыртуу, коопсуздук тармагындагы, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу 2-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.