Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизет


БИШКЕК. Өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштелип чыккан долбоорго кайрадан толуктоолор киргизилет. Долбоорду иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов «Азаттыкка» 2-июлда билдиргендей, өзгөртүүлөр менен толуктоолор сот системасына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына байланыштуу беренелерге киргизилет. Мындай толуктоолордун башкы максаты - сот системасындагы реформаны тереңдетүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү. Бүгүнкү күндө Конституциялык кеңешме тарабынан сунушталган долбоор жер-жерлерде талкууланууда. Кеңешменин өкүлдөрү региондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG